2013-жылдын алгачкы 4 айынын жыйынтыгы менен өлкөдө бажы төлөмдөрүн чогултуу 118 пайызга, ал эми салыктарды чогултуу 111,2 пайызга аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Аталган убакыттын ичинде салыктан 11 миллиард 720 миллион сом чогулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 185 миллион сомго көп. Ошондой эле бажы тармагынан 9 миллиард 867 миллион сом чогулган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард 501 миллион сомго көп чогулган.