Талас. Бакай-Ата РЭСинин өкүлү "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда

Бакай-Ата районунда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелип жооптуу кызматкер кармалды. Тактап айтканда, 2012-жылдын апрель айынан 2013-жылдын май айына чейин аталган райондун "Электр тармактары" ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган Абди уулу Нурлан бир катар мыйзамсыз иштерди жасаган. Бул тууралуу Талас ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Ал Бакай-Ата айылындагы Б.Жунусов атындагы орто мектептин электр энергияга болгон төлөмүн өтө кымбат эсептеттирип, 205 290 сомдун ордуна  410 581 сом төлөткөн.

Ушул эле айылдагы Бердике уулу Нарикбай атындагы орто мектептен 63 392 сомдун ордуна 126 785 сом төлөтүп алган. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан