ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун борбордук маданият үйү өтө оор абалда" дейт окурман

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун борбордук маданият үйү өтө оор акыбалда экенин окурман бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жаз келип, чатырда эриген кардын суусу ичине кирип, суу каптап жатат. Күн жылып, жаз келгенине байланыштуу концерттер да көп болууда. Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол концерт болуп жаткан учурда маданият үйүнүн үстү кулап түшсө, элдин коопсуздугуна ким жооп берет?" - деген суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-03-23 17:09:01
Кабарга чыкты эми сыркы шыбагын оңдошот
0
tyrgon
2017-03-24 00:02:03
целофан менен жаап койгула жакшы кенеш, окмотто акча аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан