Индияда квалификацияны жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү окууларга сынак жарыяланды

КРнын президентине караштуу президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча комиссия Индияда квалификацияны жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү окууга сынак жарыялайт. Ага 25 жаштан 45 жашка чейинки жогорку билимдүү, англис тилинде эркин сүйлөгөн, мамлекеттик, муниципалдык башкаруу органдарында беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жарандар катыша алышат. 2013-жылдын июлунан сентябрына чейинки мезгилге пландаштырылган курстарга 2013-жылдын 19-майына чейин, ал эми 2013-жылдын октябрынан 2014-жылдын мартына чейинки мезгилге пландаштырылган курстарга 2013-жылдын 1-июнуна чейин Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205 дарегинде кабыл алынат. Кененирээк маалыматты + 996 312 63 87 37 номуру аркылуу алсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан