Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен 3-майына чейин Бишкек шаардык мэриясынын ыкчам чара көрүү кызматына 126 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 56сы катталып, 53ү аткарылган, тактап айтканда, кайрылуулардын 94,6 пайызына чара көрүлгөн. Негизинен бишкектиктердин көпчүлүгү электр менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы боюнча кайрылышкан.