2012-жылы мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны 414,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Анын ичинен балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 343,5 миң адам ай сайын жөлөк пул алган. Бул көрсөткүч туруктуу калктын 6 пайызын түзөт. Ошондой эле 71,3 миң адам же туруктуу калктын 1,3 пайызы ай сайын социалдык жөлөк пул алгандар. Отчёттук мезгилде республикалык бюджеттен жөлөк пулдарды төлөөгө 3256,9 миллион сом кеткен, бул сумма 2011-жылга салыштырганда 15,7 пайызга көп.