Экологиялык коопсуздук башкармалыгы тарабынан кызыл китепке кирген жаныбарлардын терисин мыйзамсыз сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы бүгүн, 25-мартта кабарлады.
"Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 24-мартта экологдор тарабынан Бишкек-Торугарт автожолунун боюнан, Аламүдүн районунун Дордой конушуна жакын жерде уруксат кагаздары жок, кызыл китепке кирген жаныбарлардын терилерин сатып жаткан Элеман Абыкеев аттуу жаран кармалган. Анын унаасынан күрөң аюнун терисинен жана 1 текенин башынан жасалган экспонаттар, 8 карышкырдын, 3 түлкүнүн терилери, 3 түлкүнүн терисинен жасалган малакайлар табылган", - деп жазылат маалыматта.
Жеринде экологдор акт толтуруп, терилер тартылып алынган.
Учурда материалдар чогултулуп, укуктук баа берүү максатында прокуратура органдарына өткөрүлүп жатканы маалым болду.