Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен Чүй көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Баатыр комсомолдор эстелигин оңдоп-түзөө иштеринен кийинки ачылыш аземи болуп өттү. Ага мэр Иса Өмүркулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ленин райондук администрациясынын жетекчилиги жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен мектеп окуучулары катышты. Айтылгандай, оңдоо ишине 280 миң сом каражат сарпталды. Бул каражатка эстеликтин сырты тазаланып, анын айланасына отургуч, гүл челектер, таштанды урналары коюлган. Мэр Иса Өмүркуловдун айтымында, 2 күндөн кийин бул жерде Wi-Fi акысыз интернет түйүнү иштеп баштайт.
“Борбордогу эстеликтердин абалы, алардын айлана-тегерегин оңдоп иретке келтирүү күн тартибинде турат. Жеңиш күнүн алып келген ардагерлерге сый-урмат көргөзүү менен аларды ар дайым эскерип турушубуз абзел. Мындан сырткары бульварга жакынкы арада толугу менен жарык берилет. Ошондой эле көрүнүшүн да өзгөртүүнү ойлонуп жатабыз”,- деди мэр.
Айта кетсек, Баатыр комсомолдор эстелиги 1963-жылы орнотулган. Анда граниттен жасалган, колунда куралы бар Кызыл армиянын орус аскери менен анын куралчан жана каскачан досу кыргыз жигиттин элеси чагылдырылган.