КРнын Коргоо министрлиги 9-Май - Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 2 миң сомдон акча жана 10 килограммдык азык-түлүк баштыктарын тапшырат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай акция өлкөнүн бардык аймагында уюштурулат. Коргоо министринин орун басары Жаныбек Капаров билдиргендей, мындай иш-чара согуштун ардагерлерине кары-жашына карабастан, көңүл буруу максатында уюштурулуп жатат.