"Ысык-Көл облусу боюнча апрель айында 103 айдоочу мас абалында милицияга кармалып, айрымдардын иши сотко жиберилген. Алардын ичинен 17 айдоочу жол кырсыгына себепкер болушкан". Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди. "2013-жылдын 3 ай аралыгында 422 айдоочу мас абалында кармалып, алардын бирөөсү гана сот тарабынан 5 суткага камакка алынган. 20 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылган. Ал эми 340 айдоочуга жалпы суммасы 552 500 сомдук айып салынса, калган 61 айдоочу боюнча иш сотто каралып жатат. Мас абалында унаа айдоочуларга карата күчөтүлгөн жаза колдонуу керек. Ушундай күчөтүлгөн чаралар аркылуу гана жол кырсыгынын өсүүсүн токтотуу мүмкүн",- дейт ал.