"Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгону 23 согуштун ардагери жашайт". Бул тууралуу ЖКнын депутаты Дастан Бекешев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Ал билдиргендей, ардагерлердин көпчүлүгү жалгыз өмүр сүрүшөт. Эл өкүлү согуштун ардагери Вера Мусиенкону мисал келтирген. “Ал фашисттик концлагердин туткунуна түшүп, ал жерде 7 жыл болгон. Учурда 79 жашта, Каракол шаарында өзү жалгыз күн кечирүүдө”,- деп жазат Бекешев.