Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда кулап түшкөн учакка байланыштуу АКШнын президенти Барак Обамага көңүл айтты

Бүгүн, 6-майда президент Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборунун учагы 3-майда кырсыкка кабылгандыгына байланыштуу АКШнын президенти Барак Обамага көңүл айтуу катын жиберди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Көңүл айтуу катында “Бишкектен алыс эмес жерден жүк ташуучу транзиттик борбордун май ташуучу учагы кулап түшкөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана Кыргызстандын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтууга уруксат этиңиз. Сизден каза болгон учкучтардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм” деп жазылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан