2-4-май күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев Баткен облусунда иш сапары менен болду. Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары негизинен маданият жана туризм тармагындагы курулуштардын абалы менен таанышты. Ошондой эле облустук музыкалык драма театрда болуп, “Өксүгү күчтүү өмүр” спектаклинин бет ачарына катышты. Белгилей кетсек, бет ачарга облуста иш сапары менен жүргөн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да катышты.