Америкадагы аналитикалык Mercer компаниясы түзгөн шаарлардын рейтингинде Бишкек 231 шаардын ичинен 207-орунду ээлеп, начар шаарлардын катарына кирди. Рейтингди түзүүдө коомдук-саясий туруктуулук, саламаттыкты сактоонун сапаты, билим берүү, кылмыштуулук, транспорт, инфраструктура жана көңүл ачуучу жайлардын абалы каралган.
2017-жылдын үч ай аралыгында Бишкек шаарында саясий, социалдык-экономикалык жана турмуштук мүнөздү камтыган ондогон митингдер өткөрүлгөн. Митингдер эл аралык аренада борбор калаанын статусуна таасирин тийгизери бышык.
Төмөндө үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында орун алган коомдук нааразылык акциялардын, митингдердин урунттуу учурларын сунуштайбыз.
25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Ага жалпысынан миңден ашуун адам катышты. Нааразычылык акция саат 11:30да Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен башталып, саат 13:00дө Бишкектеги М.Горький сейил багынан уланды. УКМКнын алдында милиция кызматкерлери тарабынан 100дөн ашуун адам кармалды. Сот 64 адамды 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу, 12 адамга айып пул салуу боюнча чечим чыгарганы маалым болду. Калгандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң коё берилгени айтылды. Ал эми Садыр Жапаров тергөө иштери бүткөнгө чейин СИЗОго камакка алынды.
13-мартта Ак үйдүн алдына "Дыйкан" базарынын соодагерлери митинг өткөрүшкөн. Алар Ленин районунун администрациясы менен Бишкек шаардык мэриясы базарды башка жакка көчүрүү аракетин көрүп жатканын айтышкан. 100дөн ашуун митингчи шаар мэри Албек Ибраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Жыйынтыгында "Дыйкан" базарына кетчү жол оңдоо үчүн жабылган.
26-февралдан 1-мартка чейин, андан кийин 9-мартта Өмүрбек Текебаевдин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери менен айыпталып УКМК тарабынан камалышы боюнча митингдер өткөрүлгөн. Депутаттын тарапташтары бул күндөрү УКМКнын алдында, баш коргоо чарасы карала турган Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдына, Жогорку соттун, мурунку Аскердик соттун жана Жогорку Кеңештин алдында чогулуп, Текебаевди үй камагына чыгарууну талап кылышты. Жыйынтыгында соттун Ө.Текебаевди эки айга камакка отургузуу чечими өзгөртүлгөн жок.
24-февралда УКМКнын имаратынын жанында кылмыш иштин негизинде суракка алынган депутат Алмамбет Шыкмаматовдун колдоочулары митинг өткөрүшкөн. Депутат 8 саат суралгандан кийин кечки саат 19:55тер чамасында УКМКдан чыккан.
16-февралда борбор калаадагы Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде эски буюмдарды, кийимдерди сатып соода менен алектенгендер митинг өткөрүшкөн. Сатуучулар соода кылып келген жерди пиво чыгаруучу “Арпа” заводу сатып алганын айтышкан. Учурда базар жабык бойдон турат.
16-февралда жана 22-февралда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жумуштан кетишин талап кылгандар митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары Т.Батыралиев менен жолугушуп, сүйлөшүшкөн.
6-февралда Кара-Балта шаарынын мэрлигине талапкерлигинен Данияр Шабдановду алып салуу боюнча митинг болуп өткөн. Шаардын мэринин милдетин аткарып жаткан Д.Шабданов муну каралоо деп баалаган.
20-февралда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Албек Ибраимовго каршы митингге чыккан. Ал колуна чемодан көтөрүп "Бишкек шаарынын бир чемодан толо көйгөйү бар. Ал эми биздин мэрдин бир дагы программасы жок" деп билдирген.
14-февралда Ө.Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдында кайрадан жалгыз митинг өткөргөн. Ал "200 сомдук банкнот оңдолсун!", "Алыкулду кемсинтүүгө эч кимдин акысы жок" деген жазууларды көтөрүп нааразылыгын билдирген. Укук коргоочу көтөрүп чыккан көйгөйлөр көп учурда унутта калып, айтылган маселелерге бийлик өкүлдөрү көңүл бурбагандай таасир калтырат.
26-январда эртең менен активист Өндүрүш Токтонасыров менен Жеңишбек Жумалиев Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгып, кулаган учактагы жүк кимге таандык экенин айтып берүү талабын коюп, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кайрылуу жасаган. Жыйынтыгында элчиликтен эч ким чыккан эмес.
26-январда Максим Горький атындагы сейил бакта батирлерди бир нече саатка же суткага мейманкана иретинде ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга каршы жарандар тынч митингге чыгышкан. Анда 50дөй мейманкана иштеткен тургундар мыйзам туура эмес кабыл алынганын, өзгөртүү киргизүү зарылдыгын жана алар жумушсуз калганын айтышкан. Митингчилер Ак үйгө чейин келип, депутаттардын эл менен жолугуп, элдин жогоруда аталган мыйзам боюнча ой-пикирин угууну талап кылышкан. Бир нече саат күтүшкөн соң алар менен жолугушууга депутат Кожобек Рыспаев чыгып, ойлорун уккан. Митингчилер депутат менен тил табыша албай тарап кетишкен.
11-январда Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын алдына "Шаардык демилгелер" коомдук фондунун мүчөлөрү жана шаар тургундары калаадагы эс алуу бактарындагы дарактарды кыйып, курулуштарды жүргүзүп жаткандарга каршылык билдирип чыгышкан. Бул тынчтык митингине 20га жакын адам чогулган. Алар Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайда 50дөй даракты "Жашылдандыруу" ишканасы кыйып кеткенин билдиришкен. Ал жер балдар ойноочу жай экенин айтып, сейил бакты кыюуну токтотууну мэриядан талап кылышкан. Жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Айни жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги эс алуучу жайына салына турган көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулган. Бир айдан кийин кайра курулуш иштери башталганын айтып чыгышкан.
11-январда Бишкектин мэриясынын имаратынын алдына 100гө жакын адамдын катышуусунда митинг өткөн. Алар мэрликке талапкер Албек Ибраимовду шайлоодо моралдык колдоо максатында келишкенин айтышкан. Жыйынтыгында Албек Ибраимов мэр болуп шайланган.