Жогорку Кеңешти каржылоо үчүн бир айда бюджеттен 87,6 миллион сом корогон

"Жогорку Кеңешти каржылоо үчүн апрель айында бюджеттен 87,6 миллион сом корогон". Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, ЖКга корогон чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн же 54,8 миллион сомду айлык маянага жумшалган каражат түзгөн. Кызматтык иш сапарларга 3,6 миллион сом бөлүнсө, ал эми жалпы транспорттук чыгымдар 7,3 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле 3,5 миллион сом башка чыгымдарга коросо, 74,6 миң сомго азык-түлүк тамак-аш сатылып алынган. Коммуналдык кызматтарга 3,4 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары катталбаган ар кандай чыгымдарга 4,6 миллион сом корогон. Ал эми унаа жана жабдууларга 828,5 миллион сом чыгымдалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан