ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: SUPER.KG сайтынын туулган күнү

Мындан 11 жыл мурун, 2006-жылы 28-мартта SUPER.KG маалымат маанайшат порталы ишке кирген. Порталдын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, Кыргыз мамлекетиндегилерди гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылга жакын бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.

2012-жылы SUPER.KG порталы "Супер-Инфо" гезитинен бөлүнүп, өз алдынча компания катары иштеп баштаган. Бул жылдардан тарта порталдын колдонуучулары кескин өсүп, окурмандарынын көптүгү боюнча өлкөдөгү кыргыз тилдүү сайттардын алдынкы сабына чыккан.

2016-жылы 9-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арналган концерт өтүп, 16 сулуу "Супер сулуу" наамы үчүн ат салышып, ага катар ырчылар обон созуп, күлкү жаратуучулар элди шаңга бөлөшкөн.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы Кыргыз жергесинде эң ири кыргыз тилдүү сайт. Анын тарыхында көптөгөн жаңылануулар болуп, күнүнө 90 миңге жакын колдонуучу баш багат.

28-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dastanwanted
2017-03-28 10:51:09
Супер инфо жамааты туулган кунунуздор менен!сиздерге кааларым биринчиден чын ден соолук ж.о.э иштериниздерге ийгиликтерди Каалайбыз.
+2
BekAmir
2017-03-28 10:59:35
Калеминер курч болсун! Чындыкты тайманбай жаза бергиле! Элдик сайт болгула. Туулган кунунор менен!!!
+1
nargis
2017-03-28 16:41:16
Туулган кунунор менен. Ар дайым супер болуп журо беришиниздерге тилектешмин .
Жок дегенде, кундо 1 маал
Окуп турган сайтым сен
Айтчы ушул кыргызстанда
Сайттар барбы сага тен
Мага окшогон окурманга
Орнок болуп журо бер
Кыргыз тилдуу жарандарга
Дуйно бойлоп журо бер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан