2012-жылы Кыргызстандагы жумушсуз жарандардын саны 212,4 миң адамды түзгөн

2012-жылы өлкөдөгү жумушсуз жарандардын жалпы саны 212,4 миң адамды түздү. Бул тууралуу 2012-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Республика боюнча иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо тургандардын саны 95,3 миң адамды түзгөн, алардын ичинен жумушсуз деген расмий макамы барлар 60,4 миң адам. Ошондой эле өткөн жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарына иш берүүчүлөрдөн 53,9 миң бош орунга сунуш түшүп, республика боюнча 1 жумуш орунга 13 адам туура келген. Ошондой эле өлкөдө 7 миңден ашык кызматтык бош орунга эч ким барбагандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан