Былтыр согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо катары 79,1 миллион сом берилген
2012-жылы өлкөдөгү Улуу Ата Мекендик согуштун
ардагерлерине 79,1 миллион сом кошумча социалдык колдоо
көрсөтүү катары төлөнгөн. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин
жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Өткөн жылы 1972 ардагер 3000 сом
өлчөмүндө президенттик стипендия алышкан. Бул көрсөткүч 2011-жылга
салыштырмалуу 21,8 пайызга аз. Себеби ардагерлердин
саны жыл сайын азаюуда.