2012-2013-окуу жылында артыкчылык аттестатына талапкер 1308 мектеп бүтүрүүчүсү бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Аталган министрлик тарабынан артыкчылык аттестатына талапкерлердин окуудагы жетишкендик деңгээлин баалоо 3-4-май күндөрү Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын облустары жана Бишкек шаары боюнча өткөрүлдү. Ал эми республиканын түштүк аймактары боюнча тесттик сынактар 7-майда болот. Учурда жалпысынан аймактарда 24 тесттик борбор иш алып барууда.