Жалал-Абад. Бильярд боюнча мэрдин Кубогу уюштурулду

4-майда Жалал-Абад шаарында мэрдин Кубогу үчүн болгон мелдеш өткөнүн мэрия кызматкери Кенже Байгабылова маалымдады. 9-Май - Жеңиш күнүнө карата өткөн бул спорттук иш-чарага мамлекеттик кызматта иштеген бильярд сүйүүчүлөрү катышты. Мелдешти уюштурууга шаардык бюджеттен 25 миң сом бөлүнгөн жана облустук Бильярд федерациясы да колдоо көрсөткөн. Байгелүү орун үчүн 18 бильярдчы ат салышып, жыйынтыгында Кубокту шаардагы Санитардык-эпидемиологиялык станциясынын кызматкери Мээримбек Абазов жеңип алды. Ага кубок менен катар 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан