Нарында былтыр 103 согуштун ардагери болсо, быйыл алардын саны 82

"Учурда Нарын шаары боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагери жашайт". Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алдыдагы 9-Май - Жеңиш күнүнө карата согуштун ардагерлерине социалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. Белгилей кетсек, мэрия тараптан Нарында жашаган согуштун ардагери Балтакун атанын үйүнүн короосуна суу түтүктөрү орнотулуп, таза суу чыгарып берүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары облус жетекчилиги Нарын районундагы согуштун дагы бир ардагерине 2 бөлмөлүү батир бөлүп берип, учурда аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, майрам күнү согуштун башка ардагерлерине дагы жардамдар, баалуу сыйлыктар берилет. Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча бүгүнкү күндө 82 согуштун ардагери бар. Былтыр 9-Май майрамына жакын алардын саны 103 болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан