Ош шаарын тазалоо жана жашылдандыруу боюнча иштер улантылууда. 1-мартта жарыяланган 2 айлыктын алкагында бүгүнкү күнгө чейин шаарды тазалоого 1713 мекеме катышып, 5,67 тонна таштанды чыгарылган. Ошондой эле 200дөй кичи арыктар тазаланып, 6360 түп бак-дарак көчөтү отургузулган жана 38 миң дарак акталганын шаардык мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, эки айлыктын жыйынтыгы менен эң таза көчө жана эң үлгүлүү көп кабаттуу үй жана башка баскычтар боюнча сынак уюштурулат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы. Айта кетсек, Ош шаарын тазалоонун эки айлыгына 560 миңдей шаар тургундары катышкан.