Кыргыз өлкөсүнүн муфтийлигине 3 талапкер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта SUPER.KG порталына дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, талапкерлер: учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Ош, Баткен облустарынын мурдагы казысы, мугалим Ниязалы Арипов.
Муфтийди шайлоо 3-апрелде өтүп, шайлоого Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү катышат. 4-апрелде жалпы мусулмандардын курултайы өткөрүлүп, жаңы шайланган муфтий тааныштырылат.
Жалпы мусулмандар курултайына өлкөнүн бардык облустарынан өкүлдөр келишет.
"Курултайда азыркы муфтийдин 3 жыл аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгы да уктурулат. Ошондой эле каржы маселесин көзөмөлдөгөн Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланат. Бул кызматка жалпысынан 8 талапкер өздөрүнүн документтерин жөнөтүшкөн. Учурда Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн комиссия алардан экзамен алып жатат. Кимдин каржы жаатында билими болсо жана бул жааттагы маселелерди жакшы түшүнсө курултайда кызматка тандалат", - деди М.Атабаев.
Ал белгилегендей, Борбордук текшерүү комиссиясы муфтият, казыят, ажылык жана башка жалпы дин боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардагы каржы маселелерин көзөмөл кылат.