Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатат.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев баш аламандыктарга каршы экенин билдирип, ошол эле учурда бийликти оппоненттердин пикирин урматтоого чакырганын айтты. "Эгерде "Азаттыкты", "Занозаны" жана 24.kg агенттигин жоопкерчиликке тартууну кааласак, анда буюртма материалдарды чыгарып жаткан ММК өкүлдөрүн да жоопко тартышыбыз керек. Мен мамлекеттик телеканалдын жетекчилигин альтернативдүү пикирлер үчүн аянтча берүүгө чакырат элем", - деди Оторбаев.
Белгилей кетсек, Кубат Оторбаев 2010-2014-жылдары КТРКнын башкы директору кызматын аркалаган.
Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевди ММКлардын үстүнөн жазган арызын кайтарып алууга чакырарын ММКларга берген маегинде билдирди. Айтымында, ММКлардын үстүнөн берилген арыздар өлкөдөгү сөз эркиндигине терс таасирин тийгизүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев 24-мартта журналисттер менен жолугушууда ММКлардын үстүнөн жазган арызын кайтарып албасын, ушак, жалган-жалаа жазгандар мыйзам алдында жооп бериши керектигин айткан.