Бишкекте 6-майдан 12-майга чейин БУУнун жол кыймылынын коопсуздугу жумалыгы өтөт. Жумалык “Курмандыксыз апта” деген ураандын астында өтүп, долбоордун алкагында 7-май күнү борбордун “Дубовой” сейил багында жаш инспекторлордун парады болот. Ал эми 11-май күнү Кыргыз-Орус Славян университетинде форум өтөт.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-кварталында жалпы катталган жол кырсыктарынын 46 пайызы айдоочулар жолдун жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жеринен унааны жогорку ылдамдыкта айдоосунан келип чыккан. Мунун айынан 56 адам каза болуп, 557 адам жаракат алган.