Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кадамжай районунун акимин кабыл алды

Бүгүн, 6-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы Кадамжай районунун жаңы шайланган акими Акрамжан Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар райондун социалдык-экономикалык абалын оңдоо үчүн түзүлгөн долбоорлор жана пландар тууралуу жана районго инвестиция тартуу тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле пикир алышуу учурунда Кадамжай районун өнүктүрүү фонду тууралуу сөз болду. Өкмөт башчы Кадамжайдагы сурьма комбинатынын жана Айдаркендеги сымап комбинатынын стабилдүү иштөөсү, Кызыл-Кыя цемент заводунун продукциясынын көлөмүн көбөйтүү маанилүү экендигин айтты. Ошондой эле “Шамбесай” алтын кенин иштетүүгө жардам көрсөтүү керектигин белгиледи. "Жергиликтүү бийлик өз укугунун алкагында мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен өндүрүш ишканаларынын тигил же бул маселелерин тез арада чечип, тоскоолдук жаратпаш керек”,- деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан