2012-жылы Кыргызстандагы авиакомпаниялар 830 677 жүргүнчүнү тейлеп, сапарга чыгарган. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы
боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Маалыматка ылайык, эл аралык каттамдар
боюнча 590 991 адамга жана ички каттамдар менен 239 686 кишиге кызмат
көрсөтүлгөн. Бул көрсөткүчтөр 2011-жылга салыштырганда 14,68 пайызга көп.