ЭЛДИК КАБАР: Оштун борбордук базарында эт саткандардын таштандылары алынбай жатат

Ош шаарынын борбордук базарында эт саткандар таштандыларды адамдар ары-бери өткөн жерге таштап жатышат. Бул тууралуу окурман 1-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди. Окурман таштандыларды атайын идиштерге салып убагында тазалап турууну талап кылууда. Эттин калдыктары ташталган жерди жагымсыз жыт каптап, ары-бери өткөндөргө ыңгайсыздык жаратып жатканын айтат шаар тургуну. "Силердин жардамыңар менен гана чечпесек, жооптуу органдар өздөрү билип чечишпейт окшойт", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Makain
2017-04-02 09:17:24
Акаларым укаларым тазалап койсонор боло кантип эт сатып жеп жатасынар ошол жерден.
+5
adi.ali94
2017-04-02 10:29:59
Тазалыкты сактагыла туугандар!
+4
bakulya2015
2017-04-02 11:52:47
Туура,таза болсо жакшы болмок. Кечиресиздер темадан алыс башка темада да жазайын. Садыр Жапаровту неге андай кылып жатат ал камакта болсо моюнуну колуну кескидей колуна куралды ким берет кесе турган. Акмактар аны кыйнап жатат окшойт Аллах жазасын берсин туура эмес жазасын бергендерди. Менин куйгонум неге эл колдогон инсандарды ушунтип жатат ?
+1
Benazir08
2017-04-02 11:55:07
Садыр Жапаровду мойнун колдорун кескилептир дейт ал өзу андай ишке барбаса керек. Ошо жердеги буйрукту аткарып атат да жанындагылар. Ушинтип да аөрөлү дешип
+2
bom.bon
2017-04-02 13:46:39
Benazir08,эл которулбосо тынч болсо? кийинки урунушта озун озу олтуруп алса керек Жапаров
-2
tyrgon
2017-04-02 12:04:45
ээ акалар уколор тагалар таза кармабайсынарбы иштеген жеринерди
-2
Bubu88
2017-04-02 12:13:05
Эч ким ишенбейт атайын эле өзү таштап туруп анан суротко тартып алгандай. Кантип эле ыргытып жиберсин сооктордон бери сатышат го, заманына жараша азыр адам баласынан баарын кутсо болот. Ишенбегиле бул жөн эле оной жол смартфон алууну көздөгөн бирөө. Андан көрө араба түртүп болсо да иштеп өз меенетин мн смартфон ал оңой оокат аш болбойт.
-6
Benazir08
2017-04-02 12:55:01
Bubu88,чындап эле ушундай..... мэрдин жакшы иштеп жаткандыгы бул.
+2
Bubu88
2017-04-02 13:35:13
Benazir08, таң ай
-3
meni_kut
2017-04-02 13:04:51
Bubu88,кел бутту котор
-3
Asan123
2017-04-02 12:24:34
Закон акан жок Закон акан иштегенде корот элен Кыргызстан жылтырап калмак Ошо аканды Бийлик колдонсо Таза эле болмок
Закон бомуж болуп кеткен
-2
Eldiarkrasavchik
2017-04-02 12:47:31
Asan123,закон жок деп!эмне закон ичип кетти дейсинби?Аллага шугур жашап эле жатабызго.Бирин олуп бирин кал.Аларга тенелбегилечи.
+2
anyshka
2017-04-02 13:07:33
Садыр Жапаров озун кескенге эл ишенбейт. Кескендерге Алла оз жазанды бер. Алла калыс.
+2
Volk.
2017-04-02 13:37:28
Мелис акам жок Ош чатак
-1
Bubu88
2017-04-02 13:55:35
Иши кылып заманыбыз тынч болсун
+3
asil-08
2017-04-02 14:00:01
Бул жер мен эс тарткандан бери эле ушундай мусор омуру тазаланган эмес
+3
nargis
2017-04-02 14:08:09
Бир кундо мындай болбойт ар дайым ушундай коп эле жерлер, бирок мусорго деп акча жыйнайт ар бир соода туйундорундо ошондон коро акча жыйнабай эле соодагерлер календарь илип оздору тазаласа болмок, алармандардан деле оздоруно коп жагынан пайдалуу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан