Бүгүн, 7-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Тынчтык, Кара-Жыгач жаңы конуштарында жана Смоленск, Бах, Серафимович, Үч-Коргон, П.Лумумба көчөлөрүндө электр жарыгын берүү чектелет. Ошондой эле Сокулук районунун Новопавловка айылында, Кемин районунун Кызыл-Байрак, Чым-Коргон, Жыламыш, Жаңы-Жол айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми саат 11:00дөн 14:00гө чейин Аламүдүн районунун Грозный айылында электр жарыгын берүү чектелерин “Түндүк электр” ишканасы билдирет. Бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.