Польшага тажрыйба алмашууга баруу үчүн сынак жарыяланат

Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча комиссия 2013-жылдын 16-сентябрынан 13-декабрына чейин Польшанын парламенти тарабынан уюштурулган тажрыйба алмашуу программасынан өтүүгө сынак жарыялайт. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Сынакка 30 жашка чейинки жогорку билимдүү, поляк тилин билген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катыша алышат. Кеңири маалыматты +996 312 69 02 43 номуру же konsulat@hkrp.kg электрондук дареги аркылуу билсе болот. Документтер 2013-жылдын 21-майына чейин  Бишкек шаары, Чүй проспекти, 205, дареги боюнча кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан