"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кыргыз улуттук филармониясынын жетекчилигине ортомчулардын билет сатуусуна бөгөт коюу тапшырмасы берилди

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жетекчилигине ортомчулардын билет сатуусуна бөгөт коюу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Борбор шаарыбызда коюлган концерттердин билеттери кассадан тышкары, жеке жарандар тарабынан жогору баада сатылып жаткандыгы боюнча маселе мурун дагы бир канча жолу кɵтɵрүлгɵн. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жетекчилиги тарабынан бул маселе боюнча 1-май райондук ички иштер бɵлүмүнɵ, Бишкек шаарынын мэриясына каттар жолдонгон. Бирок учурда билеттерди кассадан сатып алып, кайра жогору баада колдон саткан фактыларды токтотууга мүмкүн болгон жок, анткени ал маселени министрлик тарабынан эле эмес башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте түздɵн-түз тыгыз иш жүргүзүү зарылдыгы турат. Жогорудагыларды эске алуу менен, министрлик Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмоновго Кыргыз Республикасынын “Керектелүүчү укуктарын коргоо жɵнүндɵ” мыйзамынын №49 беренесин жетекчиликке алып, тийиштүү чара көрүү жана кассадагы адистери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылгандыгын билдирет", - дешти министрликтен.

Эскерте кетсек, окурман 11-мартта "концерттерге билеттерди ортомчулар сатса, кассалардын эмне кереги бар?" деген суроо калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан