Бажы кызматы апрель айына коюлган пландан 159 миллион сомго көп салык чогултту

Бажы кызматы апрель айына коюлган планды 160 миллион сомго ашык аткарды”. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги ушул жылдын апрель айына карата бажы төлөмдөрүнөн түшүүчү каржаттын көлөмүн 2 миллиард 950 миллион сом деп бекиткен. Ал эми бир айдын ичинде чогулган салыктын көлөмү 3 миллиард 109 миллион 300 миң сом болгон же 159,6 миллион сомго көп чогултулган. Бул көрсөткүч 2012-жылдын апрель айына салыштырмалуу 703,4 миллион сомго көп. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан