Рак илдетине кабылган "Кыргызстан сулуусу - 2013" Жибек Нукеева Израилден алынып келинген шишиктин көлөмүн кичирейтүүчү дары каражаттарын ичүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде эжеси Медина Нукеева SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, Жибекти жергиликтүү дарыгерлер Италияга барып дарылануусун сунуштаган.
"Бирок Италиядагы химиялык дарылоо Жибектин оорусуна туура келген жок. Андан кийин израилдик 2 дарыгер Жибекти карай турган болгондуктан Израилге келдик. Анализ тапшырып, дарты аныкталган кагаздын бирин ошол дарыгерлерге, экинчи көчүрмөсүн Америкага жөнөттүк. Жибек Израилдин климатына көп көнө албай 1 жумадан кийин өлкөгө кайтып келдик. Учурда ал жактан алынып келинген дарыларды ичип жатат. Баасы абдан кымбат. Бул аракеттердин баарына элден топтолгон акча жумшалып жатат. Кудайдан гана үмүт кылып турабыз", - деди М.Нукеева.
Жибек Нукееванын баласы учурда чоң энесинин колунда экенин кошумчалады ал.