Рак оорусуна чалдыккан "Кыргызстан сулуусу-2013" Жибек Нукеева учурда Италияда дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге анын эжеси Медина Нукеева билдирди.
"21-январда Жибекти колдогон кайрымдуулук концерти жакшы өттү. Сиңдим Италияга жеткирилип, ошол жакта дарыланууда. Абалы дале оор. Андан соң Чехияга барып, химиялык дарыланууну улантат.
Концерттен түшкөн акча каражаты Бегалы аттуу балага жана сиңдиме деп экиге бөлүндү. Жалпысынан 90 миң доллар чогулду. Колдоо көрсөткөн мекендештерибиздин баарына ыраазычылык билдирем. Эми бир үмүтүбүз Кудайдан, Жибектин жакшы болуп кетишин тилеп отурабыз", - деп билдирди Медина Нукеева.