"Ниязалы Арипов да Кыргыз муфтийлигине талапкерлигин алып салды", - деп билдирди муфтияттын маалымат кызматы бүгүн, 3-апрелде SUPER.KG порталына.
"Бул анын жеке чечими болду. Муфтийди шайлоо иш-чарасын жалпы мусулмандардын курултайында өткөрүү үчүн 4-апрелге белгиледик. 2 талапкер баш тартты. Андыктан муфтийликке жалгыз Максат Токтомушевдин талапкерлиги каралууда", - деди маалымат катчы Максат Атабаев.
Буга чейин муфтийликке Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ош, Баткен облустарынын мурдагы казысы, мугалим Ниязалы Арипов талапкерлигин койгондугу айтылган.
Кечээ, 2-апрелде Ч.Жалилов журтчулукка видеокайрылуу жасап, өзүн муфтийликке талапкер катары көрсөтпөй турганын билдирген.