ЭЛДИК КАБАР: Оштогу Черёмушка кичи районунда таштанды жыйылбай жатат

Ош шаарынын борборундагы Черёмушка кичи районундагы эс алуучу бактын жанында таштанды жыйналбай жатканын окурман бүгүн, 3-апрелде WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Таштандылар "Самара" сулуулук салонунун жанында. Имарат толугу менен ырчы Самара Каримовага карайт экен. Казан-очогу да көчөдө турат. Бул нерселер экинчи борбор болгон Ош шаарынын көркүн бузуп жатат. Улуу инсандардын баннери да тебеленди болуп жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
gulmira12345
2017-04-03 19:24:24
Ана сага шерменде бетти эле карай бербей кочукту дагы карап коюш керек
+14
Neizvestno777
2017-04-03 19:31:24
Санкт Петербург да метро жарылыптыр го ошол жонундо маалымат жокбу супер инфо?
+3
meni_kut
2017-04-03 19:40:07
Самара уят,Бетти эле боей бербей башка жакты да караш керек..
+1
meni_kut
2017-04-03 19:49:29
жерде жаткан залкар инсандар Саякбай Каралаев,Искак Раззаковдун баннери жерде жатканы окундурду.Бул таланттарды сиз сыйлабаныз,эл сизди сыйлабайт
+4
bond02
2017-04-03 19:55:56
Мына маданият кызматкери.
+5
Makain
2017-04-03 20:17:20
Акалар отурсун деп тапчаням жазаптырго аа
0
naera
2017-04-03 20:33:09
Апамдар эмне болуп калган тооба.Ал жерде ондо тузо иштери журуп жатат.Азраак уялсанар боло.Кайра суйунсок болот качантан бери иштебей турганы Кыргызстан кинотеатры ондоп,кайра элге тартуулайн дегенине.Ким эле ремонт калганда жыйынчактуу кылат экен.Анан эмне усталар ачка иштеш керекпи,аларда курсактарын тойгозуп жакшы иштоо кажет.Ал Эми баннерлерге келсек окунучтуу,адамдарга коопсуз болсун деп тосуп койгону болчу ал.Ремонт иштери качан буткон болсо ошондо да мусорлору жатса чыгарсанар болмок.Уйдо
-1
naera
2017-04-03 20:40:01
naera,д а ремонт кылганда бар жок чачылатко ошондойле кепта.Бизге эч нерсе жакпайт экен озу.Ошол жерде жашоочулар кайрадан с суйунуп жатабыз.Ишке киришине чыдамсыздык менен кутуп.Ар кандай кино,концерттерди корот экенбиз деп.Узакка барбай.И анан жанында парк болгондуктан,башталышын кутуп отурган да ынгайлуу.
-4
Tunerbei1812
2017-04-04 07:57:06
naera,эмне ремонт кылган жерин улуу адамдарыбыздын суроту тушурулгон баннер менен тособу? Ал баннерди дагы бир жерден жулуп алса керек да. Ошентип ремонт кылган Самара экоондун акылына баракелде.
+2
naera
2017-04-04 13:02:38
Tunerbei1812,Конул коюп жакшы окусан "окунучтуу" деп жазгамын баннер мн тосконуна.Мен кобунчо мусорго басым таштагамын.Ошону окуп тушунбогон сенин да акылына баракелде
0
Makain
2017-04-04 08:18:22
naera,сенин апанды озун билбесен эмне болуп калганын биз билбейбизда.
+1
naera
2017-04-04 12:57:11
Makain,Телефон озу ондоп коюптур Адам деген созумду.Апам эмне болгонун Сен айтпасан деле жакшы билем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан