Согуш ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата берилүүчү жөлөк пулга 54,1 миллион сом бөлүнгөн

9-Май майрамына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолу берилүүчү жөлөк пулга 54,1 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Учурда жөлөк пулдардын 96 пайызы төлөнүп бүткөн. Бул жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген согуш ардагерлерине 10 600 сом, согуштун катышуучуларына 10 400 сом, Ленинград блокадачыларына 10 400 сом, жашы жете элек курагында туткун болгондорго 10 000 сом, согуштан каза болгондордун жесирлерине 5200 сом жана тыл эмгекчилерине 5100 сомдон берилмекчи. Министрликтин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 8 568 согуштун ардагери жашайт. Өткөн жылы алардын саны 10 065 болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан