6-майда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттерин дистанциялык окутуу үчүн жабдууларды сатып алууга Президентке караштуу билим берүү фондунун эсебинен 1 миллион 950 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.