Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын жакындары, тарапташтары маалымат жыйын уюштурушту. Анда укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана башкалар катышышты. 25 жаштагы Жаӊыбай Жеӊишбековдун апасы Рыскүл Имамолдоева президенттен уулун коё берүүнү өтүндү.
"Уулум 3 жылдан бери Кыргыз жерине келе элек агасын тосуп алуу үчүн жакшы ниетте Көлдөн келген эле. Анан көпчүлүк менен бирге бейкүнөө жерден камалып калды. Атасы каза болуп калган. Эгиз балдары, келинчеги, үйдүн тиричилиги калды. Эми күзүндө эмнени жешет? Ошон үчүн президентке кайрылат элем, уулумду чыгарып беришсин", - дейт көзүнө жаш алган эне.
Ал эми Рыскүл Имамолдоева жанына алып отурган жаш бала чынында анын жээни, тагыраагы, кызынын кызы болгон, бирок видеодо уулумдун баласы деп айтып койду.
Белгилей кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын 12сине кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.