Кыргызстанда газ 4 тыйынга кымбаттады

Май айында кыргызстандыктар жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн 14,97 сомдон төлөшөт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Белгилүү болгондой, өткөн айга салыштырмалуу газга болгон баа кымбаттады. Апрель айында өлкөнүн түштүгү газ үчүн 14,91 сомдон, түндүгү 14,93 сомдон төлөгөн. Баалардын ай сайын өзгөрүп турушу доллардын курсунан көз каранды. Белгилей кетсек, өлкө жаратылыш газынын миң метр кубун Казакстандан 224 доллардан, Өзбекстандан 290 доллардан алат.   

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан