2012-жылы өлкөдөгү жатак-үйлөр 200 миллион сомго каржыланган

2012-жылы Кыргызстандагы жатак-үйлөр 200,9 миллион сомго каржыланган. Бул тууралуу 2012-жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Учурда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда 15 жатак-үй иштейт. Анын ичинен 14ү республикалык бюджеттен каражыланса, Бишкектеги карылардын жатак-үйү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Азыркы учурда жатак-үйлөрдө 2327 камкордукка алынгандар жашайт, алардын ичинен 802си кары-картаңдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Ал эми 138 психоневрологиялык оорулар менен жабыркаган улуу адамдар жана 387 бала бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан