"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Садыр Жапаров боюнча тармактык комитеттин реакциясы болуш керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-апрелде парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Ар кимдин саясий көз карашы бар. Бирок мындай учурда адам болуш керек. Мен деле жактап жиберейин деген жокмун. Акыркы убактарда Садыр Жапаров мен жөнүндө дагы көп ушактарды тараткан. Эч ким унчукпагандыктан, айласыздан ушул нерсени айтууга туура келди. Жумушчу топ түзүп алып, ошол жакка барып, укуктук баа берүү зарыл. Мен жеке инсан катары Садыр Жапаров өзүн-өзү кести дегенге такыр ишенбейм. Менин оюмча мага окшогон адамдар көп. Мындай окуяга реакция кылбай койгон болбойт. Ар кандай ушактар жүрүп жатат. Ошого чекит коюу керек", - деди ал.
Комитеттин төрагасы депутат Мирлан Жээнчороев жумушчу топ түзүү сунушун колдоорун айтып, топтун курамын макулдашуу менен түзүш керектигин кошумчалады.