Бүгүн, 7-июлда Биринчи Май райондук сотунда Садыр Жапаровдун ишин караган соттук отурум өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө судья Эмил Каипов күбө катары суралуучу абакта жаткан Кеңеш Жумабаевдин өтүнүчүн окуп берди. Ал өтүнүч катында отурумга коопсуздугу үчүн катыша албастыгын билдирген.
Жактоочу Шарабидин Токтосунов: "Бүгүнкү күндө Жапаровдун ак экени белгилүү болууда. Күбө көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайт. Ал абакта жатып кат жазса акт түзүп отурумга катыштырбай коюу адилетсиздик", - деди.
Ал эми Садыр Жапаров: "Бул эмне деген акмакчылык. Эркинен ажыратылган кишини күбө катары алып келишиңер керек. Мыйзамды тебелегендин да чеги болот. Мен ал кишиге суроолорум бар. Буга чейин тасмага тартууга тыюу салдыңар. Макул дейли, анын коопсуздугу үчүн ал келип көрсөтмө берип жатканда аудио жазууну да чектеп койгула", - деди.
Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан күбө Наристе Калчаев суралды.
"2013-жылы 7-октябрда митинг өткөрүүнү эл менен пландаганбыз. Ошол күндөгү митингди эл жыйын өткөрүп белгилеген. Ага чейин митинг тууралуу жолугушуу Садыр Жапаровдун үйүндө болгон. Ал күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүн кызматтан кетирүү боюнча Садыр Жапаров үн кошкон жок. Митингди каржылоодо Саруу айылынын жаштары чөп сатып жол кире кылганбыз. Мага Садыр Жапаров митингге 4 миллион сом чыгым кылганын айткан. Каптагаевди барымтага алгандарды көргөн эмесмин. Митингде баш аламан болуп кетти. Каптагаевди барып көрсөм бети-башы соо, жарылган эмес экен. Эл көп болуп адамдар бири-бирин укпай жатышты. Кийин бизди кармаганда бет кап кийген адамдар 3-4 саат сабады. 3 жолу эсимди жоготтум. Атайын химиялык зат менен эсиме келтирип жатышты. Алар "ким митингди каржылады" деген суроону берип сабашты", - деп көрсөтмө берди Калчаев.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.