2012-жылы Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн 5532 адам келсе, 13019 адам өлкөдөн чыгып кеткен
2012-жылы Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн сырттан 5532 адам
келсе, 13019 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу 2012-жылы аткарылган иштердин
жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отчётунда жазылган. Тышкы миграция жаатында жарандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн жогорку
көрсөткүчү Чүй, Талас облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. Салыштырмалуу алып караганда, былтыр өлкөдөн сыртка чыгуу боюнча Чүй облусунда
10 миң тургунга 55,8 адам, Талас облусунда 10 миң тургунга 23,3
адам жана Бишкек шаарында 10 миң тургунга 37,6 адам туура келген.