Белгилүү кытайлык актёр Жеки Чандын никесиз төрөлгөн кызы, 18 жаштагы Этта Нг өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 4-апрелде жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда Этта акыркы кезде депрессиядан жабыркап жүргөн. 2-апрелде аны Тайландда достору менен эс алуудан соӊ өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткиришкен.
Эттанын белгилүү атасы менен болгон мамилеси оӊой болгон эмес. "Мисс Азия-1990" сынагынын жеӊүүчүсү болгон Элейн Нг менен Жеки Чандын сүйүү романы көпкө созулбаган. Жеки бир нече ирет маектеринде ал мамилени жашоосундагы эӊ чоӊ катасы болгонун айтып келет. 1999-жылы төрөлгөн кызын да актёр тааныган эмес. Буга Этта да ушундай эле жооп узаткан. 15 жашында ал Чанды белгилүү адам деп эсептээрин, ага эч кандай сезими жок экенин билдирген.
"Ооба, ал менин атам болушу мүмкүн, бирок андан башка эч нерсе жок. Ал менин жашоомдо жок, болгон эмес, болбойт дагы. Жеки Чан мен үчүн болгону атактуу актёр", - деп билдирген маектеринде Этта.