3-апрелде Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурду делген Акбаржон Жалилов "Кыргыз Республикасынын жараны" деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, А. Жалилов 1995-жылы 1-апрелде Ош шаарында туулган, улуту өзбек, толук эмес орто билими бар. "Акбаржон Жалилов эч качан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алган эмес. Ал 2011-жылы 16 жашка толгондо, өзү жазган арыздын жана Орусиянын жараны болгон атасынын өтүнүчүнүн негизинде Орусиянын жаранынын паспортун алган. Ошондон бери Жалилов Орусиянын аймагында жашаган", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мекеме учурда Кыргыз тарап аталган жардырууну тергөөдө Орусиянын укук коргоо органдары менен кызматташып жатарын баса белгиледи.
Айта кетсек, жардыруу 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелүүдө. Анын ата-энеси Ош шаарындагы кичи райондордун биринде жашаары белгилүү болгон. Ал 2011-жылы ата-энеси менен бирге Орусияга барып, ошол жакта калып калган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, кылмышка шектүүнүн Кыргыз Республикасында туулганын тастыктап, туугандары суракка алынып жатканын билдиришкен болчу.