Кыргызстанда уюлдук байланыш абоненттеринин саны 6 миллиондон ашты

2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда уюлдук байланыш абоненттеринин саны 6 миллион 324,7 миңге жетти. Өлкө калкынын саны болсо 5,8 миллион адамды түзөт. Мындай маалымат өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётунда жазылган. Абоненттердин санынын өсүшүн өкмөт бир эле жаран бир нече уюлдук операторлордун кызматын колдонору жана бир нече SIM-карталарды алып жүрүүсү менен түшүндүргөн. Ал эми стационардык телефондук тармак абоненттеринин саны болгону 493 миңди түзгөн. Ошондой эле интернетти 3 миллион 204,4 миң абонент колдонгондугу белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан