Бүгүн, 7-майда “Кумтөр” маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия жүргүзгөн аракеттери тууралуу журналисттерге маалымат берүүдө. Комиссиянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев 3-майда “Кумтөр” кениндеги төгүндүлөрдүн жылышы менен байланышкан кырдаал изилденгенин жана Чоң-Сары-Төр суусунун өрөөнүндөгү бош кыртыштардын жылышы да изилденгенин айтты. "Учурда "Кумтөрдөн" чыккан төгүндүлөр мөңгүлөр менен аралашууда. Бийик тоолуу "Кумтөр" кениндеги муз-таштан турган төгүндүлөрдүн кубаттуулугу 150 метрден ашат. Мындан улам 2013-жылдын март айынан бери Давыдов мөңгүсүнүн аймагындагы төгүндүлөр ылдамдап жыла баштаган. Тактап айтканда, күнүнө 3,5 метрден жылууда. Мындан улам апрель айынын аягында “Кумтөр” кенине тиешелүү техникалык тейлөө боюнча устакана талкаланган",- деди ал.