Бишкектин 7 көчөсүндө жолдордогу аңдарды бүтөө иштери аяктагандыгын мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Алар: Токтогул, Шабдан баатыр көчөсү боюнча жол өтмөсүнөн тартып Горький көчөсүнө чейин, Фучик, Ибраимов, Термечиков, Ж.Пудовкин жана Шабдан баатыр көчөсү боюнча Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк Чүй каналына чейинки жолдор. Ошондой эле учурда оңдоо иштери шаардын 11 көчөсүндө башталып, ага 10 жумушчу топтор тартылган.