Бүгүн, 6-апрелдеги парламент жыйынында депутат Садык Шер-Нияз журналист Эрнис Кыязовго кол салуу болгонун белгилеп, бул маселе боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырма берүү боюнча сунушун айтты.
Ал маданият ишмерлери акыркы учурда саясий окуяларга аралашып жатканын белгилеп: "Эрнис Кыязов деген журналист бар, ал бийлик, өкмөткө сын-пикир жазып жүрөт. Ага карата коркутуу-үркүтүү болуп жатканы айтылып жатат. Анын социалдык тармактагы баракчасында билдирүүлөрү өчүрүлүп жатыптыр. Маселени тийиштүү органдарга тапшырсаңыз. Муну текшерип карап койбосо, мамлекетибиздин аброюна шек келтирилиши мүмкүн", - деди депутат.
Айта кетсек, 4-апрелде кечинде журналист Эрнис Кыязов белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгонун айткан.